Сауд Арабияда ажылык учурунда каза болгондордун саны миңге жетти

Автор

Сауд Арабияда ажылык учурунда каза болгондордун саны миңге жетти. Times of India басылмасы алардын 600дөн ашыгы египеттиктер экенин билдирди.
Маалыматка ылайык, Сауд Арабияда ажылык учурунда каза болгон жакындарын жана досторун издеп жатышат. Күндүн табы Меккеде 51,8 градус ысыктын астында буга чейин 900дөн ашуун адам каза болгон.
Бул адамдардын көбү катуу ысыктан каза болгонун жакындары социалдык тармактарда кабарлашты. Сауд Арабиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, өтө жогорку температурада зыяратчылар арасында адаттан тыш өлүм учурлары аныктала элек.
Эске салсак, жыл сайын өтүүчү ажылык сапары быйыл 14-июнда башталып, 19-июнда аяктады. Сауд Арабиянын статистика департаментинин маалыматы боюнча, ажылыкка 1,8 миллион зыяратчы катышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык калыстар футбол боюнча дүйнө чемпионатын тейлешет

Кыргызстандык Калыстар корпусунун өкүлдөрү Вероника Бернацкая менен Рамина Цой U-20 кыз-келиндер дүйнө чемпионатын тейшелет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, дүйнөлүк биринчилик 31-августтан 22-сентябрга чейин Колумбияда өтөт. Ага жалпысынан 24 курама команда катышуусу күтүлүүдө. Эскерте кетсек, Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн Калыстар корпусунан бул турнирге Кыргызстандын гана өкүлдөрү дайындалды. Вероника […]

Сизге жагышы мүмкүн