Саудиянын ханзаадасы Израилдин аракеттерин ачык айыптады

Автор

Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман жума күнү Израил аскерлеринин Газа тилкесиндеги аракеттерин айыптап, согуштук аракеттерди токтотууга чакырды.

Жакынкы Чыгыштын маалымат каражаттары бул Мухаммед бин Салмандын Газа тилкесиндеги кырдаал боюнча биринчи ачык билдирүүсү экенин жазышты.

Анын айтымында, туруктуулукка кайтуу жана тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн шарттарды түзүү зарыл.

Бөлүшүү:
Next Post

Бардык банкоматтар жаңы купюраларды алууга милдеттендирилет

Кыргызстандагы бардык банкоматтар жаңы купюраларды алууга милдеттендирилет. Тиешелүү токтом долбоорун Улуттук банк даярдады. Ага ылайык, өлкөнүн башкы каржы мекемеси жаңы банкнотторду чыгаруу жөнүндө жарыялаган учурдан тарта алты ай ичинде бардык банкоматтар аларды кабыл алышы керек деген талап жазылат. Бул жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө багытталган иш-чара болуп саналат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн