Сауд Аравиянын “Аль-Хилал” клубу бразилиялык чабуулчу Неймар менен келишимди бузганын команданын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 32 жаштагы футболчу менен келишим эки тараптын макулдугу менен токтотулган.
Эске салсак, Неймар “Аль-Хилалга” 2023-жылы жайында өткөн. Кийинчерээк чабуулчу 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Уругвай курамасына каршы беттеште (0:2) оор жаракат алган. Неймардын бутунун алдынкы кайчылаш байламтасы үзүлгөн деген диагноз коюлган. Футболчу бир жылдан кийин талаага кайтып келген, бирок Азия Чемпиондор Лигасынын алкагындагы “Эстеглал” менен болгон оюнда (3:0) тарамышын кайрадан кокустатып алган.
Дайыма алган жаракатынан улам 32 жаштагы Неймар саудиялык клуб үчүн болгону 7 матч өткөрүп, анда бир гол киргизип, 3 голго пас берген. Жалпысынан чабуулчу талаада 428 мүнөт өткөргөн.