«Сапат» окуу жайлардын ичинен биринчилерден болуп өзүнүн талисманын жарыялады

Автор

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси Кыргызстандагы окуу жайлардын ичинен биринчилерден болуп өзүнүн талисманын(маскот) жарыялады. Бул тууралуу аталган билим берүү мекемесинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, билим берүү мекемеси өзүнүн талисманын даярдоодо ак илбирс же барсты өрнөк алган. Тактап айтканда, билимдүүлүктү, акылдуулукту жана инсандык лидерликти символдоштурган Snowy кыргыз табиятынын күчүн, эркиндикти жана көз карандысыздыкты белгилеген ак илбирстен шыктанып жасалган.
Snowy — ак илбирске ылайыкталган жагымдуу жана назик ысым.
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси Snowy окуучулар үчүн жаңы илхам булагы болуп, сапаттуу билим алууга шыктандырып, колдоо көрсөтүп, жаштарды патриоттуулукка, гумандуулукка, адеп-ахлактуулукка чакырып, алдыга умтулууга жана өз максаттарына жетүүгө үндөйт деп ишенет.
Маскот — бул компаниянын же бренддин мүнөзүн, баалуулуктарын жана маанайын чагылдырган жандуу же фантастикалык образ. Ал бренддин визуалдык идентификациясынын бир бөлүгү болуп саналат жана көбүнчө кардарлар менен эмоционалдык байланыш түзүү максатында колдонулат. Маскоттор бренддин таанылуусуна, эмоционалдык жактан оң кабыл алынышына жана коомчулукка таасир этүүгө жардам берет. Алар көп учурда жарнамаларда, социалдык медиа постторунда, компаниянын вебсайттарында жана башка маркетингдик материалдарда активдүү колдонулат.

Бөлүшүү:
Next Post

12-ноябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 12-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун бир катар аймагында жаан жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт, туман түшөт. Тоолуу аймактардагы жолдор тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9, Баткенде […]

Сизге жагышы мүмкүн