Сапаттын үч окуучусу АКШнын престиждүү окуу жайларына грант утту

Автор

Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейинин үч окуучусу АКШнын престиждүү университеттерине 70% жеңилдик менен окууга өттү.
Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейинин окуучусу Мустафа Садыров АКШнын Saint Louis University окуу жайына 37 миң АКШ долларында грант утуп алган. Дагы бир окуучу Эрболот Атабеков Dequesne University окуу жайына 70%дык жеңилдик алган. Montana State University окуу жайынан аталган лицейдин дагы бир окуучусу Убылкасымов Журатжан да 48 миң долларлык грант уткан.
Белгилей кетсек, Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейи «Сапат» билим берүү мекемелеринин курамына кирет. Лицейге окуучулар 6-класстан баштап кабыл алынат.


Бөлүшүү:
Next Post

Теле алып баруучуну Starbucks стаканы үчүн кызматтан алышты

Түркияда теле алып баруучу Мелтем Гүнай Starbucks эмблемасы түшүрүлгөн стакан менен түз эфирге чыкканы үчүн кызматтан алынды. Аны менен бирге режиссёру да кызматтан кетти. Түркияда бүтүндөй Израилдин продукцияларына, ошондой эле Израилге колдоо көрсөткөн фирмаларга бойкот жарыяланган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн