“Сапаттын” окуучусу Америкада алтын медаль утту

Автор

АКШнын Рочестер шаарындагы Рочестер технологиялык институнда 10-июндан 15-июнга чейин Genius Olympiad олимпиадасы өттү. 67 мамлекеттен 2557 окуучу катышкан Олимпиадага кыргызстандык окуучулар да барышты.
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин окуучусу Актан Кадыржанов олимпиадага Art категориясы боюнча катышып, алтын медаль утту.
Машыктыруучу Гуломжон Сайпидиновдун коштоосунда барган калган катышуучулар: Марлен Таалайбеков, Ажынур Сейдакматов, Яхёбек Абдуллажанов, Нуржигит Сатанов, Расул Бухаралиев, Эрмек Байзаков, Эльбурс Абдижалов жана Хантеңир Ормоковдор дагы баалуу сыйлыктарга ээ болушту.
Genius Olympiad — орто мектеп окуучулары арасында экологиялык маселелер боюнча эл аралык сынак болуп саналат. Бул жылы илим, жазуу, бизнес, искусство, роботатехника, музыка жана кыска метраждуу тасма категориялары боюнча болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

20-июнга карата аба ырайы

Эртең, 20-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34, Баткен, Ош, Жалал-Абад […]

Сизге жагышы мүмкүн