“Сапаттын” окуучулары өлкө тарыхында эң мыкты ийгиликти багынтты

Автор

Быйылкы Информатика боюнча эл аралык 36-олимпиадада кыргызстандык окуучулар 2 күмүш, 1 коло медаль жана ардак грамотага татыктуу болушту.
Сыйлыкка жетишкен 4 окуучунун үчөөсү “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин окуучулары болуп саналат. Бул информатика боюнча эл аралык олимпиадалардагы өлкөбүздүн эң жогорку жетишкендиги.
Олимпиадада Мурат Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков күмүш медаль, “Манас Ата” Талас лицейинин 11-классынын окуучусу Байторо Майрамбеков коло медалга ээ болушту. Ал эми Бишкектеги Чынгыз Айтматов атындагы лицейибиздин окуучусу Абдулазиз Лебиев ардак грамотага ээ болду.
Кыргызстандык окуучулар жалпы командалык эсепте 92 өлкөнүн ичинен 27-орунду камсыз кылышты.
Быйылкы эл аралык 36-олимпиада 1-сентябрында башталып, 8-сентябрь аяктайт.
Кошумчалай кетсек, 2000-жылдан бери кыргызстандык окуучулар информатика боюнча эл аралык олимпиадада 1 күмүш жана 17 коло медаль жеңип алышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды

Казакстандын Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өттү. “Астана арена” спорт комплексиндеги салтанаттуу иш-чарага Кыргызстандын президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Элдик Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Саха Республикасынын (Якутия) башчысы Айсен Николаев жана башкалар да катышты. Салтанаттуу иш-чара Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучу […]

Сизге жагышы мүмкүн