13-14-декабрда Казакстандын Алматы шаарында мектеп окуучуларынын информатика боюнча XVI Евразия командалык олимпиадасы болуп өттү. Анда Кыргызстандан барган командалар алтын, күмүш, коло медалдарын алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, олимпиадага Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 73 команда (бир командада 3 окуучу) катышкан.
«Кыргызстандан 8 команда өлкөнүн намысын коргоду. Олимпиаданын жыйынтыгында бир команда алтын медаль, үч команда күмүш медаль, эки команда коло медаль, эки команда сертификат менен сыйланды», — деп айтылат маалыматта.
Алтын медалга «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Бишкек, Токмок жана Нарын шаарларындагы лицейлеринин окуучулары: Байторо Майрамбеков, АлиханАйдарбеков, Абдулазиз Лебиев ээ болушту. Аларды олимпиадага Кылычбек Урайымов даярдаган.
Күмүш медалга төмөнкү командалар ээ болушту:
1. «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Ош жана Токмок шаарларындагы лицейлеринин окуучулары: Абдуллахан Абдирасулов, Али Арапов, Нурислам Карыпжанов. Даярдаган мугалими – Кылычбек Урайымов.
2. «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Бишкек жана Жалал-Абад шаарларындагы лицейлеринин окуучулары: Кутбол Алманов, Санжар Садирбеков, Канимет Бусурманкулов. Даярдаган мугалими – Кылычбек Урайымов.
3. «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Кадамжай районундагы жана Нарын шаарындагы лицейлеринин, ошондой эле Бишкек шаарындагы Маалыматтык технологиялар улуттук мектеп-лицейинин окуучулары: Рамазан Мананов, Адилхан Кадыров, Саид Жаникеев. Даярдаган мугалимдери: Кылычбек Урайымов жана Бексултан Алмазбеков.
Коло медалга төмөнкү командалар ээ болушту:
1. Бишкектеги «Газпром Кыргызстан» мектебинин жана Якир атындагы 61-автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучулары: Адиль Канатбеков, Андрей Филиппов, Ян Бобрус. Даярдаган мугалими – Медербек Осмонов.
2. «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Ош, Жалал-Абад жана Талас шаарларындагы лицейлеринин окуучулары: Ислам Зымчыбеков, Байыш Миңбаев, Азамат Алишеров. Даярдаган мугалими – Кылычбек Урайымов.
Сертификат менен төмөнкү командалар сыйланды:
1. «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Каракол шаарындагы жана Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы лицейлеринин окуучулары: Тенгиз Жамалов, Айпери Акжолтоева, Байел Саламатов. Даярдаган мугалими – Кылычбек Урайымов.
2. «Кут Билим» окуу-тарбия комплексинин окуучулары: Исхак Тажибаев, Азим Маликов, Ахмад Алахунов. Даярдаган мугалими – Манас Саматов.