“Сапаттын” окуучулары республикалык олимпиадада 36 орундун 21ин алды

Автор

Мектеп окуучулары арасындагы республикалык предметтик олимпиадасында жалпы 36 орундун 21ин “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин окуучулары ээледи.
«Сапаттын» окуучулары бул жолу да республикалык олимпиадада жогорку көрсөткүчтөргө жеткен. Тактап айтканда 9 окуучу биринчи орунду багындырса, алты окуучу экинчи жана дагы алты окуучу үчүнчү орунду ээлеген. Жыйынтыгында, жалпы олимпиададагы 36 орундун 21ине “Сапаттын” окуучулары татыктуу болду.
Эске салсак, республикалык олимпиада 26-27-март күндөрү Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов жана “Айчүрөк” лицейлеринде болуп өтүп, ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна өзү катышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Ислам Халилов "Каармандыгы үчүн" медалы менен сыйланды

Орусиянын муфтийи шейх Равил Гайнутдин “Крокус Сити Холлдо” 100 дөн ашуун кишини сактап калган 15 жашындагы Кыргызстандык Ислам Халиловго сыйлык тапшырды. Салтанаттуу азем Москвадагы борбордук Собор мечитинде болуп өттү. Жаш каарман Орусия мусулмандарынын “Каармандыгы үчүн” медалы менен сыйланды. Ошондой эле ал Умра сапарына жолдомо алды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн