«Сапаттын» окуучулары жана мугалимдери Эл аралык олимпиадада алтын утту

Автор

Кыргызстандык 4 мугалим Эл аралык Жаутыков олимпиадасы менен катар өткөрүлгөн IMPACT математика, физика жана информатика мугалимдеринин жана машыктыруучулардын олимпиадасында 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Эл аралык олимпиада мугалимдердин жана окуучулардын арасында болгон

Мугалимдердин арасынан медалга ээ болгон окутуучулар:
Худайберди Гурдов, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси
физика предмети боюнча алтын медаль;

Талант Арыстанов, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси –информатика предмети боюнча күмүш медаль;

Марат Ишматов, “Газпром Кыргызстан” мектебин математика предмети боюнча күмүш медаль;

Азат Исмаилов, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси – физика предмети боюнча коло медаль;
Доктурбек Кудашов, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси –физика предмети боюнча коло медаль.
Ал эми Кыргызстандык окуучулар математика, физика жана информатика боюнча XX Эл аралык Жаутыков (IZHO) олимпиадасында 4 күмүш медаль, 13 коло медаль жеңип алышты. Олимпиада 8-январдан 13-январга чейин Алматы шаарында өтүп, ага 16 өлкөдөн 700дөн ашуун окуучу катышты

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 15-январга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.40 сомдон болсо, сатуу 89.70 сом болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89 сом 32 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн