“Сапаттын” мыктылары сыйланышты

Автор

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин кесипкөй мугалимдеринин эмгектери бааланды.
Жакында эле мээнеткеч агартуучулар Урайымов Кылычбек Адылжанович, Арыстанов Талант Тавалдыевич жана Доктурбеков Азамат Иманалиевичтер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланышты.
Ал эми Умаралиев Саиджан Саибжанович, Кенишбеков Нурсултан Рахатбек улы, Исмаилов Азатбек Өмүргазиевич, Жумабекова Айгүл Таалайбековна, Жеңишбек уулу Талгат, Кудашов Доктурбек Уранбековичтер болсо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасын алышты.
Мугалимдерди куттуктап, алардын иштеринде албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.

Бөлүшүү:
Next Post

“Акыркы коңгуроо”: Окуучуларынын коопсуздугун төрт миңден ашык милиция камсыздайт

Бүгүн, 25-майда “Акыркы коңгуроо” кагылат. Быйыл өлкө боюнча 9-классты 128 миңден ашуун, 11-классты 73 миңден ашуун улан-кыз аяктап жатат. Мектеп окуучуларынын коопсуздугун төрт миңден ашык милиция камсыздай тургандыгын Ички иштер министрлигинен билдиришти. Мекеме ошондой эле ата-энелерди балдарынын коопсуздугун көзөмөлгө алып, бүтүрүүчүлөргө унаа башкартпоого чакырды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн