“Сапаттын” бүтүрүүчүсү АКШнын 10 университетине өтүп, 1 млн доллар грант утуп алды

Автор

Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек баатыр” кыргыз-түрк балдар лицейинин бүтүрүүчүсү Теңизбек Токтомушев 10 университетине окууга өтүп, 1 млн доллар грант утуп алды.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев ийгиликти багындырган Теңизбек Токтомушевди кабыл алып, бул көрсөткүч облустун билим берүү тармагындагы чоң жетишкендиги экенин айтып, Теңизбекти окуудагы жараткан ийгилиги менен куттуктады.
Абсаттар Сыргабаев алдыңкы окуучулар облустун сыймыгы жана эртеңки келечеги экенин белгилеп, алдыда туура кесип тандап, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон мыкты кадр, татыктуу инсан болуусун каалады.
Эскерте кетсек, Теңизбек Токтомушев 2006-жылы Жалал-Абад шаарында төрөлгөн. Ал 7-класска чейин С.Давлетов атындагы №14 жалпы орто билим берүү мектебинде окуп, андан кийин “Курманбек баатыр” атындагы кыргыз-түрк лицейинде билим алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишимбаевдин балдары фамилиясынан баш тартты

Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин балдары Салтанат Нукенованы өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган атасы менен бардык мамилени үзүүнү каалашат. Анын мурдагы жубайы Назим Кахарман балдары фамилиясын алмаштырганы жатканын социалдык тармактар ​​аркылуу жарыялады. Кахарман атасына байланыштуу окуялар балдарынын психикасына катуу сокку болгонун билдирди. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн