Сапат лицейлеринин уюшулгандыгына 30 жылдын жүзү болду. Бул Кыргызстандын билим берүүсүнө кошулган ири салым болуп саналат. Кыргыз—түрк лицейлеринин өзгөчөлүгү – дүйнөлүк стандартта акыркы технологияларды колдонуу менен терең билим берүүнү камсыз кылуу. Эмесе 2000-жылы айтылган элибиздин залкарларынын ойлорун ортого салалы:
Чыңгыз Айтматов, Кыргыз Эл жазуучусу
Кыргыз-түрк лицейлеринин бүтүрүүчүлөрүнө “Мына булар: XXI кылымдын кыргыз жаштары жана интеллигенциясы, Кыргызстандын келечеги”, – деп баа берген.
Амангелди Муралиев мурдагы КР премьер-министри
– Стамбулдагы Босфор көпүрөсү Азия менен Европаныкандай бириктирип турса, бул жерде “Себат” Кыргызстан менен Түркияны өзгөчө билим берүү жана маданият жаатында бирин-бирин ошондой байланыштырууда. Ал эң ишенимдүү, бекем көпүрө.
Аскар Какеев, академик
“Үчүнчү миң жылдыктын Түрк цивилизациясы” деген темадагы Эл аралык конгрессте сүйлөгөн сөзүндө Аскар Какеев Түрк цивилизациясынын жаштары дүйнө тилдерин котормочусуз өздөштүрө билерине токтолуп, Кыргызстанда “Себат” лицейлер системасы өз жүзүн көрсөтө алды”,- деп айткан
Медеткан Шеримкулов, Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси
Бишкектеги кыргыз-түрк балдар лицейине баргандагы жазып калтырган пикири: “Түркиядагы эң белгилүү болгон “Себат” фонду Кыргызстанда кийинки жылдары бир нече лицейлер, “Ала-Тоо-Ататүрк” университетинин ачышып биздин балдарды окутушуп, аларга билим берип жатышат. Ушул окуу жайын бүткөн жаштар эки элдин арасындагы бир туугандыкты, досчулукту, карым-катнашты мындан ары да жаңы деңгээлге көтөрө турган келечектин көпүрөсү боло турганына терең ишенем. Бул жаштар келе жаткан XXI кылымдын кадрлары болмокчу. Жаштарга билим берип жаткан мугалимдер жааматына ыраазычылык билдирүү менен иштерине ийгилик, өздөрүнө ден соолук, бак-таалай каалайм. Жаштарга жаркын келечек болсун”
“Заман Кыргызстан” гезити, 27 -октябрь, 2000-жыл