“Сапат” эл аралык билим берүү мекемелерине 2023-2024-окуу жылына кабыл алуулар 90 пайызга аяктады. Белгилүү болгондой, 1700 орун үчүн 63.000 окуучу ат салышкан. 61.300 окуучу үчүн орундар жетишсиз калганы айтылды. Мындан улам ата-энелер “Сапаттын” жетекчилигинен кошумча жаңы мектептерди ачууну суранышкан.
“Сапат” билим берүү мекемелери 30 жыл мурда ачылган. “Сапаттан” билим алгандар учурда дүйнөнүн атагы чыккан “Google”, “Apple” сыяктуу ири корпорацияларда эмгектенишет.