Сапарбек Кадырбеков, “Алтын сертификат” ээси: “Ийгиликке жетүүгө мугалимдеримдин салымы чоң ”

Автор

ЖРТ сынагынан “Алтын сертификат” алган “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин бүтүрүүчүсү Сапарбек Кадырбеков жетишкендиги тууралуу ой бөлүштү.

“Кыялым орундалып, ЖРТ сынагынан эң алдынкылардын катарына кирип отурам. Албетте, ар бир ийгиликтин башында үй-бүлө турганы сыяктуу менин да бул жетишкендигиме жакындарымдын кошкон салымы чоң, анткени алар менин лицейде окуп калышыма себепчи болду. Лицейге биринчи жолу келгенимде “Алтын сертификат” алып, Кыргызстанда биринчи орунду ээлеген бүтүрүүчүлөрдү көрүп, абдан таасирленгем. Кийинчерээк класс жетекчилерим Жороева Гүлжан жана Камилова Гүлчехра эжекелердин кебине кулак салып, кыргыз тилинен олимпиадага катыштым, натыйжада, орус класста окуганыма карабастан, ЖРТ сынагын кыргызча тапшырып, эч кыйынчылыксыз жогорку упайга ээ боло алдым. Сөзүмдүн аягында бизге ар тараптан колдоо көрсөтүп келген лицейибиздин администрациясына, ЖРТге даярдаган мугалимдерим: Жороева Гүлжан, Абакирова Таттыбү, Камилова Гүлчехра эжекелериме жана “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесине терең ыраазычылыгымды билдирем”.

Бөлүшүү:
Next Post

Өлкө бийлиги кадр маселеси боюнча туңгуюкка кептелдиби?

Өлкө бийлиги кадр маселеси боюнча туңгуюкка кептелдиби? Айрым, коомдук активисттер кадр тандоодо карапайым калктын билимдүү жаштарына орун тийбей, 30 жылдан бери кызматтан кызматка секиргендердин доору азыр деле дале жүрүп жатканын айтып жатышат. Бул боюнча айтылуу активист Абдулла Ташиев ” карап көрсөм 33 жылдан берки чоңдор дагы эле майлуу сүттүү жерлерде […]

Сизге жагышы мүмкүн