Евробиримдик Россияга каршы санкцияларын 12 айга узартты. Чектөө чаралары 2025-жылдын 24-февралына чейин күчүндө болот. Евробиримдик зарыл болсо кошумча чаралар көрүлүшү мүмкүн экенин эскертти.
Бул жерде Донецк жана Луганск элдик республикаларынын, ошондой эле Херсон жана Запорожье облустарынын Россияга кирүүсүнө байланыштуу киргизилген санкциялар тууралуу сөз болуп жатат.
Евробиримдик 13-чектөө пакетинин үстүндө иштеп жатат. Тараптар азырынча санкциялар боюнча бир пикирге келе элек. Жаңы пакет жүздөгөн юридикалык жана жеке жактарды камтыйт.