Санариптик өнүктүрүү министри Кутнаева Нурия Асылбековна кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Нурия Кутнаева ээлеген кызмат ордунан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулган.
Шар Янв 29 , 2025
Азамат Жамангулов Санариптик өнүктүрүү министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Жамангулов Азамат Саадатбекович Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. Азамат Жамангуловдун талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет. Бөлүшүү: