Самокаттагы бомбанын жарылуусунан генерал көз жумду

Автор

Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлеринин башчысы, генерал-лейтенант Игорь Кириллов 17-декабрда эртең менен Москва шаарынын түштүк-чыгышында болгон жарылуудан каза тапканын Тергөө комитети Telegram-каналында билдирди.
Тергөө маалыматтарына ылайык, 17-декабрь күнү эртең менен Москвадагы Рязанск проспектисинде турак жайдын подъездинин жанында турган самокатка орнотулган жардыруучу түзүлүш иштетилген. Жарылуунун кесепетинен Игорь Кириллов жана анын жардамчысы каза болду.
Окуя болгон жерде тергөөчүлөр, криминалисттер жана оперативдүү кызматтар иштеп жатышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Учурда Токтогул суу сактагычында канча суу бар?

Бүгүн, 17-декабрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 963 млн куб метрди түзгөндүгүн “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 193 куб метрди түзсө, ал эми сууну керектөө секундасына 766 куб метрди түзүүдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн