Самбо боюнча дүйнө чемпионаты: Биринчи күнү кыргыз спортчулары 5 медаль жеңди

Автор

Чолпон-Ата шаарындагы Газпром спорт комплексинде өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө кубогунун биринчи күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Маалыматына ылайык, мелдештин биринчи күнү Кыргызстандын улуттук курама командасы жалпы 5 медаль (1 күмүш, 4 коло) жеңишти.
64 кг чейинки салмакта Саяк Бараканов күжүрмөн самбо боюнча 2-орунду ээледи. Спорттук самбо боюнча 88 кг чейинки салмакта Жамалбек Асылбек уулу жана Фарух Мамаджанов, +98 кг чейинки салмак категориясында Бекболот Токтогонов коло медалга ээ болушту.
Кыз-келиндер арасында 54 кг чейинки салмакта спорттук самбо боюнча Акак Үсөн кызы 3-орунду ээледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Талас шаарынын мэри дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Астанакулов Байышбек Кахроманович Талас шаарынын мэри болуп дайындалды. Президент Садыр Жапаров кол койгон башка тескемеге ылайык Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы […]

Сизге жагышы мүмкүн