Салык кызматынын төрагасы жана анын орун басары 20-январга чейин камакта калат

Автор

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычовдун баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Сот тарабынан Абдувапов жана Кыдыргычовго карата 2025-жылдын 20-январына чейин камакка алуу чечимин кабыл алды.
Эске салсак, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычев кармалган.
УКМКнын маалыматы боюнча, тергөө иштеринин алкагында алардын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталган.

Бөлүшүү:
Next Post

2026-жылдан тарта бийик тоолуу аймактардагы 3 жашка чейинки балдар жөлөк пул алат

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 24-октябрында кабыл алынган. Мыйзам бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашоочу жарандарга (үй-бүлөлөргө) мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүү максатында […]

Сизге жагышы мүмкүн