Салык кызматынын төрагасынын орун басары кармалды. Себеби

Автор

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, “Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдары жана башка кызыкдар жактар тарабынан 4 миллион 878 миң 894 АКШ доллары суммасында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар жүргүзүлүп, анда компьютердик техниканын, тармактык жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым позицияларынын наркы жүздөгөн эсе жогорулаган.
Маселен, 421 АКШ долларына (37 миң сомго) туташтыргычтары бар кадимки электр узарткыч (удлинитель) сатылып алынган. Баасы 20 сомдон ашпаган туташтыргыч (коннектор) 11 долларга (960 сом) сатылып алынган. Ошондой эле, 207 АКШ долларына (18 миң сомго) болжол менен 3500 сомдук кеңсе отургучу алынган.
Финансы министрлигинин Ички аудит кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 1 миллион 267 миң 668 АКШ доллары (110 миллион сомдон ашык) өлчөмүндө ашыкча баалоо түрүндөгү зыян аныкталган.
Учурда УКМК тарабынан аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын жана кызыкдар тараптарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Адилет Дубанаев 2021-жылдын 23-апрелинде Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган.
Ал салык процедураларын санариптештирүү маселелерин көзөмөлдөгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Байден Трамп менен дебаттарга активдүү даярданууда

АКШнын президенти Жо Байден мурдагы мамлекет башчысы Дональд Трамп менен алгачкы шайлоо алдындагы дебаттарга активдүү даярдык көрө баштады. Бул дебаттар акыркы ондогон жылдардагы эң маанилүү дебаттар болушу мүмкүн. Иш-чара 27-июнга пландалган жана 90 мүнөткө созулат. Даярдык Кэмп-Дэвиддеги шаар четиндеги резиденциясында өтүүдө. Байден ал жерге келген. Дебаттарга чейин ал жардамчылары менен […]

Сизге жагышы мүмкүн