Салык кызматынын жаңы жетекчиси кызматтан алынабы?

Автор

Салык кызматынын жаңы жетекчиси Кыдыкбек Кыдыров кызматтан алынат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мындан эки апта мурда эле дайындалган Салык кызматынын жаңы төрагасы эми жоопко тартылат.
“Эки аптанын же 15 күндүн ичинде ушул эле Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарын жашыргандыгы үчүн кызматтан алынат, эми аны да жоопко тартабыз. Бул боюнча кечээ президентке маалымат берилип, азыр башка бирөөнү бул кызматка дайындаганы турат”, – деди Ташиев.
УКМК төрагасы эми мындан ары мамлекеттин бюджетине кол салгандардын ар бири, ким болбосун аёсуз жоопко тартыларын кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытай 53 өлкө үчүн визасыз транзит мөөнөтүн узартты

Кытай бийлиги Россия жана дагы 53 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз транзит мөөнөтүн 240 саатка (он күн) чейин узартты. Жаңы өзгөртүүлөр 17-декабрдан тарта күчүнө кирди деп билдирди КЭРдин Мамлекеттик миграция башкармалыгы. Буга чейин россиялыктар чек арадан кирген пунктуна жараша 72 сааттан 144 саатка чейин визасыз транзит мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Россиядан Кытайга […]

Сизге жагышы мүмкүн