Республикалык Салык кызматынын убактылуу милдетин Кыдыкбек Кыдыров жетектемей болду. Тийешелүү буйрукка Акылбек Жапаров кол койгон.
Кыдыров Кыдыкбек Догдурбекович буга чейин салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгын жетектеген.
Эске салсак, 6-декабрда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычев УКМК тарабынан камакка алынган. Камакка алууга акциздик маркалар боюнча 3,2 млрд сомдук коррупцияга байланыштуу экендиги айтылган.