26-июнда Баласагын атындагы Улуттук университетте “Кыргыз традициялары: тарыхый мааниси жана заманбап укуктук жагдайлары” аталган кереге кеңеште үлкөн маселелер талкууланды.
Кереге кеңеш медиа мейкиндикте супсак баяндалып, резонанс жарата албады. Ошол форумдун демилгечиси катары ага катышкан жана окуядан кабары бар адамдар форумдун жыйынтыгы аныгында жемиштүү болгонун белгилешти.
Биринчиден, илимпоз тарыхчылар, адабиятчылар, юристтер бир маселени түрдүү өңүттөн талкуулашты.
Экинчиден, илимий коомчулук, жарандык коом жана бийлик өкүлдөрү ушул маселеде орток пикирде болду.
Үчүнчүдөн жана эң негизгиси, жыйынга катышкан окумуштуулар салт, адат, көөнө көрүнүш аталган айрым терс көрүнүштөр эч кандай салт болбогонун, кыргыздар үчүн традициялык мүнөзгө ээ эмес, кылмыш экендигин такташты. “Традиция деп атап алып, тигил же бул салтты өзгөчө кеп кылганыңар не” деген пикирлер айтылса да, мындай тактоо зарыл эле. Анткени дээрлик отуз жыл бою, маселен кыз ала качуу кылмышын “кыргыз салты” деген пикирлер улам коомго таӊууланып, жалпы дүйнөгө ушундай маалыматты жеткирип, “кыргыз сүйүүдөн, махабаттан, кудалашуудан кур жалак эл, кыргыз кызынын пешенесине ала качуу аркылуу турмушка чыгуу жазылган, кыргыз жигити аялзатынынын арзуусуна татыксыз, ошондуктан уурдап үйлөнөт, анткени бул кыргыз улутунун эзелтеден келе жаткан салты” деп келатышат. Ар жылкы отчётторунда гендердик теӊчилик, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы алектенген жана алектенимиш болгон уюмдардын бир тобу “кыз ала качуу кыргыз баласы менен кошо жаралган, кыргыз улутунун мүнөздүү белгиси” деп келишет. Мындай бүтүм-тыянактар социалдык тармакта өз атынан жана жалган атка жамынып, жамгырдай жааган “туура, эгер андай болбосо тыйылат эле да, эмнегедир токтободу” деген пикирлер менен бекемделүүдө. Салтта жок нерсени традицияга жармаштыруу ошол кылмышты актоо, улутту дискредитациялоо жана компрометациялоо. Акыры кыргыз улуттук иденттүүлүгүнө сокку урууга багытталган максаттуу аракет экенин белгилешти адистер.
Фактылар не дейт? Окумуштуу тарыхчылар кыргыз тарыхы боюнча XX кылымдын орто ченине чейинки чет өлкөлүк жазма булактардын биринде да кыргыздардагы кыз ала качуу жөнүндө маалымат жоктугун белгилешти. Илим казган окумуштуусу, дин жайылткан миссионери, соода кылган кербени, жер кезген саякатчысы, ээлеп алам деген жол башчысы, жеңем деген кол башчысы, дипломаты же тыңчысы болобу, айтор кыргыз жерин аралап, кыргыз турмушун өз көзү менен көргөн чет элдиктер кыргыздын аларга жаккан жана жакпаган салттарын, кулк-мүнөзүн, табиятын, курал-жарагын, баккан малын, ичкен ашын, айдаган аштыгын, кечирген күнүн, сыйынган кудайын, сыйлаган ыйыктарын, жакшы же жаман адаттарын тизмектейт, чечмелегенге аракеттенет, бирок алардын бири да асты кыз ала качуу тууралуу эскербейт, айтпайт, жазбайт.
Педофилия жөнүндө да тарыхый булактарда бир да маалымат кездешпейт, фольклордо дегеле оозго алынбайт. Байыркы, орто кылымдардагы жана андан берки булактардын биринде да кыз ала качуу кыргыз салты катары сыпатталбайт. Ал тургай кыргыздар менен кайсы бир убакта каршылашып, согушуп келген, кезегинде кыргыздарга кастык маанайдагы элдердин бири да “кыргыз элинде кыз ала качуу адаттагы нерсе, аялзаты кордолот, жаш балдарга карата жыныстык зомбулук, бачабаздык, жетимдерге ырайымсыздык мамиле жасалат, карылары журтка ташталат” деп кенедей да маалымат калтырган жок.
Кыргыз санжырасында жана фольклорунда кыз ала качуу кездешпей турганын тарыхчылар менен адабиятчылар бекем кеп кылышты. Туура, кудалашкан жигитке эмес, сүйгөнүнө качып чыккан турмуштук окуялар кыргыз элдик адабиятында, поэмаларында, жомокторунда кездешет. Балким ошого кызыккан башка бир адам аны кайсы бир жерден таап чыгаар, бирок да кыз ала качууну даңазаламак тургай, аны турмуштук окуя катары сүрөттөгөн эпизод кыргыз элдик чыгармаларынан кездешпейт.
Тескерисинче, кызды ала качуу капкалуу шаар бузганга тете оор кылмыш катары жазаланганын юристтер белгилеп, тастыктап беришти. Көчмөн кыргыздардын эрежесине ылайык, бир гана ошону жасаган адам эмес, бүтүндөй уруу айыпка жыйылган. Кыргыз элинин кадимки укуктук ченемдерине, көндүм адаттарына ылайык, эгер кудалашкан кызды эркинен тыш уурдоо, үзөӊгүлөшүнүн сөөгүн бейжай таштап кетүү, калп айтуу, бийликти басып алуу оор кылмыш болуп эсептелген. Болгондо да элге чыккынчылык, саткындык сыяктуу оор кылмыштардын катарына кирген жана катуу айыпталып, кулагы кесилип, киши катарынан чыгарылган. Кылмышкердин бели сындырылып өлтүрүлгөн, жакындарынын намысына доо кеткидей, эл унутпагыдай жазаланган.
Кыргыз эли эркек баланы отко-сууга жумшап бышырган, бирок шагын сындырган эмес, назарын суутпаган. Минген атын башка чаппаган, сууга түкүрбөгөн. Кыз балага сый, аяр мамиле жасалган, ага кырк жерден тыюу салып (Дж. Фрэзер айткандай, маданият ири алдыда табу, тыюу), аруу бойдон турмушка берген. Кыз эрге чыккандан кийин да төркүлөп келгенде төргө отургузулган.
Жаза кылмыштан кийин пайда болот. Мыйзамдын универсал табияты ушундай. Педофилия үчүн жаза сонку 20 жыл ичинде пайда болгонун белгилешти юристтер. Демек мындай көрүнүш кыргыз коому үчүн жат, бейтааныш.
Кайдан чыкты бу терс көрүнүштөр? Тарыхый булактарда жок болсо, кантип жармаштырдык? Кимге керек эле? Суроолор арбын.
1. Билимсиздиктин, караңгылыктын натыйжасы;
2. Баалуулуктардын трансформациясы;
3. Тышкы күчтөрдүн таасири. Адисттер азырынча ушул факторлорго токтолушту.
Эми эмне кылуу керек?
Биринчиден, традициялар деп бир чоң түшүнүккө бириккен адаттар, каадалар, салттар, кыскасы кыргыз эли иштеп чыккан нарк эрежелеринин баары талданып, иретке салынууга тийиш. Эмнеси салт, кайсынысы каада, кайсы нерсе салтка жатат, кандай жосун нарк бузгандык деген сыяктуу терең, ар тараптуу изилдөө зарыл. Ар түрдүү тармактын адистери мыктап изилдеп, талдап, тастыктап, анан орток пикирге келген соң коомчулукка бирдиктүү маалыматтар жана түшүндүрмөлөр берилиши абзел.
Экинчиден, коомчулукка жана жаш муунга традициялар тууралуу жеткиликтүү билим берип, сөздүн чыныгы маанисинде агартуу жана тарбиялоо иштерин жүргүзүү кажет.
Үчүнчүдөн, ушул татаал жана абдан керектүү иш баарыбыздан биргелешкен аракетти жана орток мамилени талап кылат.
Алмаз Кулматов, тарыхчы, коомдук ишмер