Салттуу музыка жумалыгы Ош шаарында уланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 24-25-апрель күндөрү өтөт.
24-апрель – Ыр күнү
Иш-чара Ош мамлекеттик университетинде саат 10:00дө илимий-практикалык конференция менен башталат. Конференциянын темасы: Салттуу маданият жана искусство: сактоо, окутуу жана изилдөө маселелери. Андан соң масстер класс болот: Салттуу музыкалык искусстводогу регионалдык стиль. Башталышы саат 14:00.
Ыр күнү Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында “Кылым кайрыктары” аталыштагы концерт менен жыйынтыкталат. Башталышы саат 18:00
25-апрель – Салттуу музыка күнү
Жумалыктын жабылыш аземине арналган салттуу музыканы алып жүрүүчү искусство ишмерлеринин Гала-концерти өтөт. Иш-чара С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында саат 18:00дө башталат.