“Салимбай байбача” 6 жылга абакка кесилди

Автор

2023-жылдын 4-декабрында Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы уюшкан кылмыштуу топторду кармоо боюнча рейд өткөрүп, анын алкагында “Салимбай байбача” каймана аты менен таанымал Салимбай Абдувалиевди да камакка алган.
Ташкенттеги Мирабад райондук соту аны 6 жылга абакка кесип, кылмыш кодексинин “Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ок атуучу куралдардын негизги бөлүктөрүн, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү” беренеси менен айыптады. Салимбай Абдувалиев Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары кызматын 2017-жылдан бери аткарып келаткан.
Эске салсак, УКМКнын төрагасы парламенттеги жыйындардын биринде экс-депутат Эмил Жамгырчиевди 2022-жылы Салимбай Абдувалиевден колдоо сурап, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүү аркылуу Өзбекстанга барып келгенин айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

«Спартак» клубу “Крокуста” элди куткарган Исламды сыйлады

«Спартак» клубу элди куткарган Исламды сыйлады “Крокус Сити Холлдун” имаратынан 100дөн көп адамды куткарып калган 15 жаштагы кыргызстандык Ислам Халиловду Москванын Спартак клубу сыйлады. Клуб негизги команданын оюнчулары менен жолугушуу уюштуруп, балага жеке футболка жана клубдун үйдөгү бардык беттештерине абонемент белек кылды. Мындан тышкары Орусиянын Муфтийи Равиль Гайнутдин кыргызстандык Ислам […]

Сизге жагышы мүмкүн