Салах Сауд Арабиянын клубуна өтөт

Автор

“Ливерпуль”  клубунун лидери  Мохаммед Салах футболдук карьерасын Сауд Арабияда улантат. Египеттик футболчу “Аль-Иттихадга” өтүүгө макул болгондугун чет элдик спорттук басылмалар жар салды.

Бирок, келишимдин ыктымалдыгы  тууралуу эч кандай маалымат айтыла элек. Championship.com сайтынын маалыматына караганда, “Аль-Иттихад” Салах үчүн 90 миллион евро төлөөгө даяр. Бул трансфер Саудиянын футбол тарыхындагы эң кымбат трансфер болуп калат.

Белгилей кетсек, Мохаммеддин Ливерпуль менен келишими 2025-жылдын жайына чейин түзүлгөн.  Салах “Ливерпуль” үчүн 7 жыл ойногон. Бул убакыт аралыгында египеттик кызылдар менен Англиянын чемпиондугун жана Чемпиондор Лигасын жеңип алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров шыктуу балдардын "Акылман" лицейин ачты

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Акылман” президенттик лицейин ачты.   Өз сөзүндө мамлекет башчы чогулгандарды ушундай маанилүү күн менен куттуктады.   “Ооба, өлкөбүздө өзгөчө шыктуу балдар арбын, дал ошондой шык, талант, жөндөмдү бага билип, ага астейдил мамиле кылуу зарыл. Бүгүнкү күндө таланты, жөндөмү менен айырмаланган балдардын өзгөчөлүгүн өркүндөтүү маселеси […]

Сизге жагышы мүмкүн