Саламаттык сактоо министрлигине 107 автотранспорт берилди

Автор

Саламаттык сактоо тармагына 107 даана автотранспорт берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, «COVID-19 кесепеттерине ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында жалпы суммасы 3 миллион доллар болгон 107 унааны тапшыруу аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Аклбек Жапаров катышты.
«3 жылдын ичинде 335 жаңы тез жардам унаалары, ошондой эле санитардык унаалар алынды. Албетте, элдин бакубаттуулугу, мамлекеттин экономикалык өнүгүүсү саламаттык сактоо системасынын туура уюштурулушунан көз каранды. Коронавирустук пандемия дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде биздин өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын бардык алсыз жактарын көрсөттү. Ооруканаларыбыздын, поликлиникаларыбыздын материалдык-техникалык базасын жакшырта баштадык жана көптөгөн атайын жабдыктарды сатып алуудабыз», — деди Акылбек Жапаров.

Бөлүшүү:
Next Post

Президенттин уулу салык төлөбөгөнгө айыпталууда

АКШ президенти Жо Байдендин уулу Хантер Байденге салык төлөөдөн качкан деген айып тагылганы кабарланды. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Хантер Байден 2016-жылдан 2019-жылга чейин 1,4 миллион доллар өлчөмүндө салык төлөгөн эмес. Айыптоонун корутундусу Калифорниянын борбордук округунун райондук сотуна берилген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн