Саламаттыкты сактоо министрлиги: Акыркы он күндө 400 палестиналык каза болду

Автор

Акыркы он күндүн ичинде Израил армиясынын блокададагы Газа секторуна жасаган чабуулдарынан 400 адам каза таап, дагы 1067 палестиналык жаракат алган. Бул маалыматтар 25-август, жекшемби күнү Газадагы палестин Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жарыяланган.
Израилдин кургактан, деңизден жана абадан жасаган массалык чабуулдары 324 күндөн бери уланууда. Акыркы сутка ичинде эле Израилдин бомбалоолорунан 71 адам курман болуп, дагы 112 адам жаракат алды.
2023-жылдын 7-октябрынан бери Израил агрессиясынан 40 405 адам каза таап, 93 468 адам жаракат алды. Газанын 2,3 миллиондон ашуун жашоочусу Израилдин массалык бомбалоолорунан улам тамак-ашка, ичүүчү сууга жана дары-дармектерге болгон туруктуу жетишсиздиктен жабыркап жатат. Бул аймак ири гуманитардык катастрофага туш болду.
Чабуулдардын натыйжасында миңдеген имараттар, анын ичинде оорукана, мечит жана чиркөөлөр да бузулган же толугу менен талкаланган. Имараттардын урандыларында жана жолдордун четинде дагы эле каза тапкандардын сөөктөрү жатат. Тез жардам жана жарандык коргонуу бригадаларына Израиль күчтөрү тарабынан коюлган тоскоолдуктардан улам аларга жетүү мүмкүн болбой жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанын икаясы: Бүркүт жана карга

Куштардын мырзасы болгон бүркүттү табиятта бир гана карга чокуй алат. Карга бүркүттүн үстүнө чыгып, мойнунан тумшугу менен бекем тиштеп, коё бербейт. Бирок, бүркүт аны силкип түшүргөнгө же ал менен согушканга аракет кылбайт, убактысын жана күчүн да кетирбейт. Жөн гана канатын жайып асманга учат. Канчалык бийиктеген сайын, карганын дем алуусу начарлайт. […]

Сизге жагышы мүмкүн