Садыр Жапаров XVI БРИКС саммитинде Путин менен жолукту

Автор

Президент Садыр Жапаров Казан шаарында Владимир Путин менен расмий жолугушуу аземине катышуу үчүн “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборуна келди.
Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин делегация башчылары бейформал шартта жолугушууга катышуу үчүн залга өтүштү.
Эскерте кетсек, иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:

— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев бар

Бөлүшүү:
Next Post

ТИМ: “Анкарадагы терактта жабыркагандарын арасында кыргызстандыктар жок”

Анкара шаарындагы аэрокосмостук компаниянын аймагында жардыруу болгон жердеги атышуудан жабыркагандардын арасында каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги бул окуя боюнча Түркиянын компетенттүү органдарынан маалымат сурамжылады. “Түркиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынган маалыматка ылайык, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында […]

Сизге жагышы мүмкүн