Садыр Жапаров: “Эгер чет өлкөдөгү кожоюндары “өлгүлө” дешсе, өлүшөт”

Автор

Президент Садыр Жапаров сырттан каржыланган бир катар басылмалардын атын атап, аларды Курултайга чакыргандарын бирок, келишпегенин билдирди.
“Азаттык” радиосу Прагадан уруксат алыш керек экен. Уруксат бербептир. “Кактустан” Дина Маслова келбей турган болуптур. “Политклиника” айылда экен, бүгүн деле келе берсе болмок. Баары качышты. Мына көрдүңөрбү, сөз эркиндиги жок деген журналисттердин өздөрүнүн эркиндиги жок. Эгер чет өлкөдөгү кожоюндары “өлгүлө” дешсе, өлүшөт”,- деди өлкө башчы.
Президент чет өлкөдөн каржыланган басылмалардын тизмесин жана каржы булактарын жарыялады.
1. “Азаттык” радиосу 2023-2024-жылдары АКШдан 2.2 млн (4.400) доллар алган.
2. Клооп Медиа: 2021-жылы 585. 5 доллар алган. 2022-жылы 25.2 миң доллар АКШнын элчилигинен алган. 9500 доллар Сорос Фонду менен 23.1 миң доллар “Интерньюс” берсе, 8 млн сом кайрымдуулуктан түшкөн.
3. Политклиника: 2020-жылы Америка Фондунан 41.8 миң доллар, 2021-жылы 51 миң доллар алган.
4. Говори ТВ: 2021-жылы Демократияны өнүктүрүү фондунан 34 миң доллар, Демократия үчүн Европалык Фонддон 83.6 миң доллар алган.
5. Кактус Медиа: “Сорос Фондунан” 2021-жылы 35 миң доллар, 2022-жылы “Интерньюстан” 23.1 миң доллар, “Сорос Фондунан” 22.2 миң доллар келген.
6. “Кылым Шамы” өкмөттүк эмес уюмуна
2018 -жылы Вашингтондон 8,5 млн сом келген. Ушул эле жылы жалпы 21,1 млн сом алган.
Мен билгенден «Кылым Шамында» апасы менен кызы эле иштейт.
Апасы пенсияга кетсе, кызына өтөт”,- деди президент.
Ал АКШнын мамлекеттик департаментине кайрылып, “эгер акчаңарды кимге берээриңерди таппай жатсаңар, бизге бергиле. Биз максаттуу колдонобуз, журналистиканы өнүктүрүү керек болсо, өнүктүрөбүз, сөз эркиндиги керек болсо, камсыздайбыз. Силерди алдабайбыз, ал эми НПОлор өздөрүнүн кожоюндарына туурө эмес маалымат берип жатышат”,- деп билдирди Садыр Жапаров.

Бөлүшүү:
Next Post

Трамп Путин менен жолугушууга даяр экенин билдирди

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу маселесин талкуулоо үчүн Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууну күтөөрүн айтты. 19-декабрда Владимир Путин Дональд Трамп менен каалаган убакта жолугууга даяр экенин билдирген. «Президент Путин менин мүмкүн болушунча эртерээк жолугушуумду каалаарын айтты. Ошондуктан биз бул жолугушууну күтүп жатабыз. Бул согушка чекит […]

Сизге жагышы мүмкүн