Садыр Жапаров ШКУнун саммитине катышат

Автор

Президент Садыр Жапаров 3-4-июлда Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен барып, анын алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
«ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери уюмдун форматында көп тараптуу жана көп векторлуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, ошондой эле регионалдык жана эл аралык саясаттын маселелерин талкуулашат.
Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Астана декларациясына кол коюлат.
Ошондой эле ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн саясий, экономикалык, энергетикалык жана башка чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган макулдашууларга жана документтерге кол коюу пландаштырылууда.
Соода-экономикалык мамилелерди жана туризмди өнүктүрүүдө экологиялык маселелерге, регионалдык жана эл аралык коопсуздукка, санариптик технологияларды андан ары өнүктүрүүгө көп көңүл бурулат.
Казакстан тараптын төрагалыгы астында өтө турган Кеңештин ишине ШКУга мүчө-мамлекеттердин — Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Кытай, Пакистан, Индия, ошондой эле Беларустун башчылары катышат, Беларусь бул отурумда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет статусун алуу процедурасынын аякташын күтүүдө.
ШКУнун алкагында Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин жана Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт», — деп Муратбек Азымбакиев билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Демократтар Байденди шайлоо жарышынан чыгууга чакырууда

Конгресстин Өкүлдөр палатасындагы 25 демократ АКШнын президенти Жо Байденге шайлоо жарышынан чыгуу чакырыгы менен кайрылганы жатышат. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди. «Өкүлдөр палатасынын демократтары Байденди артка чегинүүгө чакырганы жатышат»,-деп айтылат билдирүүдө. Башка булактын айтымында, кээ бир демократ конгрессмендер Байденге кат жөнөтүүнү карап жатышат. Байден менен АКШнын экс-президенти Дональд Трамптын дебаттары […]

Сизге жагышы мүмкүн