Садыр Жапаров Шакиевдин кыргыз тили боюнча айткандарына үн катты

Автор

Жогорку Кеңештин 11-апрелдеги жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутаттарды кыргызча сөздөрдү колдонууга чакырып, ошондой эле шаарларда гана эмес, алыскы айылдарда да наристелер телефондон орус тилдеги мультфильмдерди көрө берип орусча сүйлөп калып жатканын айткан, бүгүн биз тилибизди сактап калбасак, 5-10 жылдан кийин кыргыз тилин толугу менен жоготуп алабыз деп кабатырланган.
Ал эми президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги кыскача маегин куруп, бул боюнча пикирин айтты. Маекти толугу менен беребиз:
— Садыр Нургожоевич, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев интернетте орусча, англисче тилдердеги бардык контенттерди бөгөттөп, кыргыз тилинде гана калтырууну сунуштады. Ал муну аймактарда жаш балдардын тили кыргыз тилинде эмес, орус жана англис тилинде чыгып жатат деп түшүндүрдү? Ошондой эле, балдардын ысымдары ашыкча арабдашып кеткен деп нааразы болду. Төраганын мындай пикири учурда соцтармакта кызуу талкууда. Бул маселеге карата сиздин пикирди билсек?

— Албетте кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча сунуштарын баарыбыз эле колдойбуз.

Эч ким каршы эмес.

Бирок орус, англис тили боюнча Нурлан Шакиевдин пикири анын өзүнүн жеке ойу. Мамлекеттик саясат таптакыр башка.

Орус, англис тилдери дүйнөлүк тилдер. БУУда канча тил болсо орус, англис тилдери алардын ичинде.

КМШ өлкөлөрүндө орус тилсиз иштөө мүмкүн эмес. КМШ өлкөлөрү эле эмес, Европанын айрым өлкөлөрүнө, АКШга жана башка бир топ өлкөлөргө расмий сапарлар менен барганда котормо орус тилинде болот.

Өздөрү айтышат “Биз орус тилчи котормочу аркылуу сүйлөшөбүз” деп.

Мен акыркы 3 жылда көп эле жолу көрдүм. Ал эми англис тили болсо дүйнө жүзүндө колдонулат. Мен дайыма билим берүү министрине айтып жүрөм: “Мектептерге мүмкүн болсо эки тилде сабак берген мугалимдер болсо издегиле” деп. Ошондо штаттар да көбөйбөй бир эле эжеке эки тил боюнча сабак берсе жакшы болот эле. Орус жана англис тилдеринде. Айрыкча айыл жерлеринде орус тил мугалимдерине муктажбыз. Балдарыбыздын жаш кезиненен эле орусча сүйлөгөнүн уккан жокмун. Тескерисинче, мектепти бүтүп орусча бир сөз билбей түз эле Россияга кетип калып жаткан учурлар бар. Ал жака барып орус тилинен кыйналып жатышат. Ошондуктан мен жеке өзүм демилге көтөрүп, бизге 9 орус мектебин салып бергиле деп Владимир Владимировичтен сурангам. Жакында курулуш иштери башталат деп турам.

Англис мектебин салам дегендер болсо да биздин эшигибиз ачык. Кана эле биздин жаштарыбыз үч эмес беш тилде эркин сүйлөп калышса. Элибиз канчалык көп тил билсе ошончолук дүйнө таанымы кең болот. Көп элдердин каада салтын, менталитетин билет. Илим билимин үйрөнүшөт.

Дүйнөнү кенен көз караш менен карашыбыз керек.

Ал эми кыргыз тилибиз эч качан өлбөйт. Түбөлүк жашайт. Өнүгөт. Кудайга шүгүр дешибиз керек. Кантип эле тилибиз 90-жылдардагыдай абалда калды дейбиз.

90-жылдары айылдарыбызда кыргызча сүйлөй албагандар бар болчу. Азыр тескерисинче айылдарда басымдуу көпчүлүгү орусча сүйлөй албай калбадыбы. Себеби айылдарда орус тил сабагынан берген орус мугалимдер жетишсиз болуп атат. Орус, англис тилсиз Кыргызстандан ары чыга албай калат жаштарыбыз.

Ошондуктан эч качан башка тилдерге каршы болбошубуз керек. Албетте кыргыз тилге да катуу көңүл бурабыз. Илгери жоголуп кетпеген кыргыз тилибиз эми жоголуп кетмек беле?

Ал эми арабча ат коюлуп атат дегени ар кимдин өзүнүн иши. Эң негизгиси жүрөгү, каны кыргызмын деп соксо болду. Мисалы Мухаммед деген аттар бизде деле бар. Негизи көп эле аттар окшош келет.

Маектешкен Кыргыз улуттук “Кабар” агенттигинин башкы директору
Медербек Шерметалиев

Бөлүшүү:
Next Post

Экстер дагы жооп беришет

8 жыл Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясын башкарган Тилек Матраимов боюнча ошол кездеги айрым айыл өкмөттөр көрсөтмө берип жатканы айтылууда. 8 жыл ичиндеги кетирилген кемчиликтер, тендерлер, чыгымдар боюнча кайрадан текшерүүлөр жүрүп, айтылуу аким Тилек Матраимовго оор дооматтар коюлары каңкууланууда. Эгер өз мезгилинде туура эмес иштер жүрүп жаткан болсо, көзөмөл жүргүзүп, чара […]

Сизге жагышы мүмкүн