Садыр Жапаров чыгырыктар боюнча мыйзамга кол койду

Автор

Коомчулуктун нааразычылыгын туудуруп келген чыгырык (электросамокат) тепкендерди көзөмөлдөгөн мыйзам кабыл алынып, ага президент кол койду.
Эми электр чыгырык жана башка мобилдүү каражат (электрскейтборд, гироскутер ж.б.) менен жол эрежесин бузгандарга 1000 сом айып салынат. Ал эми мас абалында айдагандар 3000 сом айып пул төлөшмөкчү.
Чыгырык тебүүчүлөр атайын бөлүнгөн тилкени колдоно алышат. Ал эми тилке же, сызык белгиленбеген болсо, жолдун оң чети менен жүрүүлөрү керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Пашинян: Беларустун чыгышы же Лукашенконун кечирим сурашы менен гана Армения ЖККУда калат

Армения өзүнүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККК) мүчөлүгүн сактап калуу мүмкүндүгүн карап жатат. Бирок, бул Беларуссиянын андан чыгышы же президент Александр Лукашенконун 2020-жылы Карабахта болгон согуш тууралуу май айында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушуусунда айткан сөздөрүнө байланыштуу кечирим сураса гана болот. Бул тууралуу 13-июнь күнү түштө премьер-министр Никол Пашинян […]

Сизге жагышы мүмкүн