Садыр Жапаров учак кырсыгына байланыштуу Илхам Алиевге көңүл айтты

Автор

Президент Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиевге азербайжандык жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
“Көптөгөн адамдардын курмандыктарына алып келген азербайжандык жүргүнчү учагынын трагедиялуу кыйрашы тууралуу бүгүнкү суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана ушул трагедиянын кесепетинен жабыр тарткандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалайм.
Орду толгус жоготуунун аза-кайгысын тең бөлүшөм”, – деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Бөлүшүү:
Next Post

Түндө 59 дрон чабуул жасады. Аэропорттун иши токтоду

Украинанын учкучсуз учактары 25-декабрга караган түнү Россиянын аймактарына чабуул жасаганы тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, түн ичинде абадан коргонуу системалары 59 дронду жок кылды. Белгород облусунда 26, Воронежде 23, Курск, Брянск жана Тамбов облустарында үчтөн, Азов деңизинин үстүндө бир дрон атып түшүрүлгөн. 25-декабрда эртең менен Росавиация Казань аэропортунун […]

Сизге жагышы мүмкүн