Садыр Жапаров түрк элдеринин китепканасын түзүүнү сунуштады

Автор

Түрк мамлекеттеринин уюмунун жыйынында президент Садыр Жапаров жалпы маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу максатында түрк элдеринин китепканасын түзүүнү сунуштады.
Анын айтымында, бул долбоор түрк дүйнөсүнүн биримдигинин символу жана маданий алмашуу аянтчасы болуп калат.
«Биздин дагы бир артыкчылыктуу багытыбыз – маданий-гуманитардык жаатында кызматташуу саналат. Жалпы маданий мурасыбызды сактоо жана жайылтуу максатында Түрк тилдүү элдердин китепканасын түзүүнү сунуштайм. Бул долбоор Түрк дүйнөсүнүн биримдигинин символу жана маданий алмашуу платформасы болмокчу. Түрк тилдүү элдердин китепканасы элдерибиздин биримдик сезимдерин ойготуп, өз ара маданий жактан байытып, байланыштарын чыңдоо үчүн жакшы түрткү болот деп ишенем. Түрк мамлекеттер уюмунун колдоосу менен бул долбоор маданий кызматташуу үчүн бекем пайдубал түптөп берип, билим берүү жана маданий иш-чаралар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачмакчы. Түрк институттары тарабынан мамлекеттер аралык жана улуттук деңгээлде көптөгөн долбоорлор жана иш-чаралар ишке ашырылууда. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Бишкек шаарындагы Алыкул Осмоновдун үй-музейин реставрациялоо жана музейлештирүү боюнча долбоорду ишке ашыргандыгы үчүн Түрк маданияты жана мурасы фондуна терең ыраазычылык билдирем. Залкар акын, кыргыз поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү Алыкул Осмоновдун үй-музейи борбор шаарыбыздын көркү болот деп ишенебиз», — деп билдирди Жапаров.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-саммити болууда.
“Ынтымак Ордодогу” жыйынга ТМУга мүчө-мамлекеттердин лидерлери Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле байкоочу мамлекеттин лидери – Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Түрк мамлекеттер уюмуна 2025-жылы Кыргызстан төрагалык кылат

Түрк мамлекеттер уюмуна 2025-жылы Кыргызстан төрагалык кылат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, уюмга төрагалык кылууну Кыргызстан Казакстандан кабыл алат. «Быйыл уюмга Казакстан төрагалык кылды. Эми биз бир жыл ичинде кандай иштерди кылабыз, өзүбүздүн пландарыбыз боюнча сүйлөшүүлөр болот. Тышкы иштер министрлеринин кеңешинде, мамлекет […]

Сизге жагышы мүмкүн