Садыр Жапаров Талас облустук милициясынын жаңы имаратын ачты

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын Талас шаарындагы жаңы имаратынын ачылышына катышты.
Мамлекет башчысы чогулгандарды бул аймактагы маанилүү жакшы саамалык менен куттуктап жатып, мамлекет кайсы гана тармак болбосун, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн эң алгач иштөө шарты талапка ылайык болушу керек деген принципти тутунуп, иш алып барарын белгиледи.
“Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштөө шарттары канчалык жакшы түзүлгөн болсо, элге кызмат көрсөтүүнүн сапаты да ошончо жогору болот. Бүгүн биз ошол элге кызмат кылуунун сапатын жогорулатууга мисал боло турган Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жаңы заманбап имаратынын ачылышына күбө болуп турабыз”, – деп Садыр Жапаров баса белгиледи.
Президент жүктөлгөн милдеттерди мындан ары дагы күчөтүү максатында кошумча автоунаалар, керектүү жабдуулар жана атайын каражаттар тапшырыла турганын айтты.
Садыр Жапаров бул башкармалыктын мурдагы имараты Советтер Союзу учурунда эле курулуп, мамлекеттик башка имараттардай эле жыл сайын оңдоп-түзөө иштерине каражаттар талап кылынып келгенин эске салды. Имарат алгач маданият үйү катары 1985-жылы салына баштап, 1987-жылы кайсы бир себептерден улам, курулуш иштери токтоп калган. Андан бери бул имарат колдон-колго, өкүнүчтүүсү, жеке менчикке өтүп кеткен жайы да бар эле. Арадан 36 жыл өткөндөн кийин, Талас облустук ички иштер башкармалыгына бул имаратты өткөрүп берүү чечими кабыл алынган. Ал кезде имараттын төрт дубалдан башка эч нерсеси болгон эмес.
“Курулуш 2023-жылдын сентябрь айында башталып, 7 айда толугу менен аяктады. Күнү-түнү жүргүзүлгөн иш-аракеттин жыйынтыгында “Көз коркок – кол баатыр” деген элибиздин улуу сөзү ушундай талыкпаган эмгектин натыйжасында далилденип турат. Мына ушундай жетишкендиктерди ички коопсуздукту камсыздоодогу өзгөрүүгө бет алган алгылыктуу кадамдар деп айтууга болот. Калкыбыздын бейпил турмушта жашоосун, коопсуздугун камсыз кылууда кыргыз милициясында бардык шарттар түзүлүүдө. Мындай аракеттер дүйнөлүк стандартка шайкеш келген коопсуздук деңгээлине жетүүгө болгон аракеттер”, – деп, президент имараттын курулушуна салым кошкон демөөрчүлөргө жана башка колдоо көрсөткөн тараптарга ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Сингапурду Covid-19дун жаңы толкуну каптады

Сингапурдун Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 5-майдан 11-майга чейин Covid-19 учурларынын саны мурунку 13 700 учурга салыштырмалуу 25 900 учурга жетти. Күнүмдүк ооруканага жаткырылгандардын орточо саны 181ден 250гө чейин өстү. Орундардын жетишсиздигин болтурбоо үчүн шашылыш эмес операциялардын санын кыскартуу талап кылынды. “Биз толкундун башында турабыз, ал тынымсыз өсүп жатат”,-деди Саламаттыкты […]

Сизге жагышы мүмкүн