Садыр Жапаров Россия президенти Владимир Путинге көңүл айтты

Автор

Садыр Жапаров Россия президенти Владимир Путинге көңүл айтты
Президент Садыр Жапаров Россия президенти Владимир Путинге Дагестандагы террактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“Дагестанда болуп өткөн террактка байланыштуу көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына сабыр тилеп, бул трагедиядан жабыркагандар тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм. Кыргызстан терроризмдин бардык түрлөрүнө каршы турат жана Россия өкмөтүнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракеттерин колдойт”, – деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Бөлүшүү:
Next Post

Дагестанда антитеррордук операция аяктады

Россиянын Улуттук антитеррордук комитети Махачкала жана Дербент шаарларында антитеррордук операциянын аяктаганын билдирди. Комитет бардык кол салгандар жок кылынганын тастыктады. 23-июнда, кечинде Дербенттеги синагога жана чиркөөгө, ошондой эле Махачкаладагы чиркөө, синагога жана жол кайгуул постуна кол салуу болгон. Окуяда 15тен ашык милиция кызматкери жана бир нече жаран курман болду. Алты согушкер […]

Сизге жагышы мүмкүн