Президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык кеңешинин мааракелик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн Россиянын Москва шаарына келди.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
— министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат;
— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
-Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.