Садыр Жапаров расмий сапар менен Сеулга жөнөп кетти

Автор

Президент Садыр Жапаров, Корея Республикасынын Президенти Юн Сок Ёлдун чакыруусу менен бүгүн, 2-декабрда, Сеул шаарына расмий сапар менен жөнөп кетти.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кореянын президенти Юн Сок Ёль жана Улуттук Ассамблеясынын Спикери У Вон Шик менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.
Тараптар кыргыз-корей эки тараптуу кызматташуусунун бүтүндөй комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.
Сапардын жүрүшүндө Ассамблеянын президенти жана Глобалдык өсүү институтунун төрагасы, БУУнун мурдагы баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушуусу болот.
Мындан тышкары, мамлекет башчысы кореялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Грузияда нааразылык акциялары токтобой жатат

1-декабрда грузиялык оппозиция бийликтин өлкөнүн Европа Биримдигине кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрүн 2028-жылга чейин тоңдуруу чечимине каршы төртүнчү күн катары менен нааразылык акциясын өткөрдү. Бул жолу полиция Тбилисидеги башкы көчөлөрдүн бири – Руставели проспектисин тосуп салды. Бул элдин чогулуусуна тоскоол болгон жок. Полиция демонстранттарга суу аткычтарды кеңири колдонуп, парламенттин дарбазаларынан алыстатууда. Оппозициянын […]

Сизге жагышы мүмкүн