Садыр Жапаров расмий сапар менен Италияга кетти. Делегациянын курамы

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда расмий сапар менен Италия жана Ыйык Тактыга (Ватикан) жөнөп кетти.
Расмий сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр күтүлүүдө, алардын жүрүшүндө кыргыз-италиялык өз ара мамилелердин бүтүндөй комплекси жана аларды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланат.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:
– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
-президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
– Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев;
– башкы прокурор Максат Асаналиев;
– маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
– юстиция министри Аяз Баетов;
– президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев;
-президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
– Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.

Бөлүшүү:
Next Post

3-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 3-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, […]

Сизге жагышы мүмкүн