Садыр Жапаров Москвадагы терактка байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты

Автор

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге Москвадагы терактка байланыштуу телеграмма жолдоду.
“Жеке өзүмдүн атымдан жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан 22-мартта “Крокус сити холлдо” көп сандаган адам өлүмү менен коштолгон ок атуунун натыйжасында каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана чын жүрөктөн кайрат сөздөрүбүздү жеткирүүнү өтүнөм.
Бул кылмышты чечкиндүү айыптоо менен бул жамандыкка натыйжалуу каршылык көрсөтүүгө багытталган аракеттерди колдой турганыбызды билдиребиз жана эл аралык терроризмге каршы күрөштө бүтүн дүйнөлүк коомчулуктун аракеттеринин биригишин жактайбыз”,- деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз өкмөтү "Крокустагы" терактыдан жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө даяр

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москвадагы терактка байланыштуу Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустинге көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. «Крокус сити холлдо» көптөгөн курмандыктарга алып келген терактыга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кыргызстандын министрлер кабинети жабыркагандарды колдоп, бардык жактан жардам берүүгө даяр. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл […]

Сизге жагышы мүмкүн