Садыр Жапаров министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрүнө сөгүш жарыялады

Автор

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан орто мектептердин мугалимдери үчүн сапатсыз ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн төмөнкүлөргө сөгүш берди:
– Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго;
– Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго;
– билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага;
– билим берүү жана илим министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаевага;
– президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары – тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы Жипариса Рысбековага;
– президентинин администрациясынын президенттин жана иинистрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Медербек Өмүрбековго сөгүш берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан менен Австриянын президенттери сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, Австрияга болгон расмий сапарынын алкагында Австриянын Федералдык президенти Александер Ван дер Беллен менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты. Саясий өз ара аракеттенүү маселелерине, ошондой эле Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө келечегине өзгөчө […]

Сизге жагышы мүмкүн