Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду.
Мамлекет башчысынын кайрылуусунда төмөнкүдөй айтылат:
“Урматтуу мекендештер!
Бүгүн – 3-декабрь дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялуу катмардын көйгөйлөрүнө бура турган маанилүү күн.
Кыргызстанда мындай өзгөчө камкордукка муктаж жарандарды коомдук жашоого толук аралаштыруу жана алардын турмуш шарттарын жакшыртуу өлкөнүн эң башкы мүдөөлөрүнүн бири болуп саналат.
Мындан улам, майыптыгы бар жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, аларды ар тараптан колдоого алуу жана укуктарын коргоо боюнча олуттуу иштер жүргүзүлүп келет.
Өзгөчө муктаждыктары бар жарандарыбыз коомдун ажырагыс бөлүгү катары спортто, маданиятта, мамлекеттик кызматтарда жана башка тармактарда көптөгөн бийиктиктерге жетишип, өлкөбүздү өнүктүрүүгө өз салымдарын кошуп келишүүдө. Алардын эмгекчилдиги, эрки күчтүүлүгү көптөгөн адамдарга үлгү болуу менен шык-дем берүүдө. Ошону менен катар эле мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, социалдык тармактар аркылуу тажрыйбалары менен бөлүшүп, адамдарды тартынуу, өзүнө ишенбөө, күмөн саноо сыяктуу сапаттардан арылууга үндөп келишет. Мындай руху күчтүү жарандарыбыз Жараткандын берген сыноосуна сынып калбай, тескерисинче, алдыга умтулууга түрткү болушууда.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Мамлекетибизде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздын укуктары менен адамдык кадыр-баркын урматтоого, ошондой эле алардын жетишкендиктерин сыйлоого тарбиялоо жаатында иштер ырааттуу жүргүзүлүшү керек.
Жакынкы жылдары кошумча колдоону талап кылган жарандарыбыз үчүн социалдык стационардык мекемелерди жакшыртуу, жаңылоо боюнча иш-мерчемдерибиз бар. Ошону менен бирге, 2030-жылга чейин кабыл алынган “Жеткиликтүү өлкө” программасынын алкагында белгиленген ыңгайлуу инфратүзүм түзүү, медициналык-социалдык экспертизаны өнүктүрүү, реабилитация жана абилитация системасын өркүндөтүү, инклюзивдүү билим берүү жана жумуш орундары менен камсыз кылуу жаатында чараларды ишке ашырабыз.
Коомдун бардык мүчөлөрү – баарыбыз бирге ары маданияттуу, ары кайрымдуу, өнүккөн доорду курууга багыт алдык. Мен кыргыз жарандарын мээримдүү, боорукер, бири-бирине сый-урмат көрсөтө билүүгө, берешен, жоомарт болууга чакырам.
Замандаштар, сиздерге бекем эрк, кажыбас кайрат каалайм!
Жашооңуздардын урааны – жаркын маанай, ишеним жана алдыга умтулуу болсун!”.