Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча «Кабар» маалымат агенттигине маек берип, кыргыз-тажик чек арасы чечилгенин билдирди.
Президент маегинде кыргыз-тажик чек арасы эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилгенин айткан. «Эки өлкөнүн ортосунда чек ара меселесин делимитациялоодо бир жактын кызыкчылыгын жогору коюп чечип алуу деген болбойт. Сөзсүз бирдей кызыкчылык болуш керек. Талаш жерлерде да тил табыштык десек болот.
Анткени илгертен талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) менен бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуулар болду. Азыр кагаз иштери аяктоо алдында турат», — деп билдирген президент.
Учурда документке эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин аяктап кол коюп келишсе, тышкы иштер министрлери кол коюшат. Андан кийин парламенттерден ратификациядан өтсө эки президент кол коет.
Ал эми кыргыз-тажик чек арасы качан ачыла турганы боюнча суроого, эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин бүтөөрү менен ачылаарын айтты. Ошондой эле, эки өлкө ортосундагы соода-сатык солгундап кеткенин, чек аралар ачылса экономикалык мамилени эң жогорку деңгээлге чыгаруу керектигин белгилеген.