Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо комплексинде комуз формасындагы пирсти куруу долбоору өзгөрүүсүз ишке ашарын айтты. Бул тууралуу президент «Кабар» улуттук агенттигине курган маегинде билдирди.
Анда президент социалдык тармакта жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 96 пайызы «комуз-пирс» курууга макул болушканын белгиледи.
«Сурамжылоодо элдин көпчүлүк бөлүгү, тагыраагы, 96 пайызы макул деп добуш беришти. Ошондуктан бул долбоор өзгөрүүсүз калды. Ал жерде комуздун өзү эмес да, болгону сөлөкөтү. Тескерисинче, өлкөбүзгө келген ар бир туристке комузубузду, боз үйүбүздү даңазалап, таанытуу аракети болуп жатат. Мунун эмнеси жаман? “Рух Ордого” келген туристтерге комплексти көргөзүп чыккандан кийин боз үйгө алып барып кыргыздын тамагын берсек жакшы да. Боз үйдүн ичиндеги ресторанды тейлеген улан-кыздарыбыз дагы улуттук кийимчен болушат. Кыскасы улуттук колоритибизди сактап, чет элдиктерге жайылтсак эмнеси жаман?» , — дейт Садыр Жапаров.
Эске салсак, президент социалдык тармактагы баракчасына «Рух Ордо» туристтик комплексинде салынып жаткан комуз тибиндеги пирстин формасы жана айнектен боз үй тибиндеги ресторандын курулушу боюнча сурамжылоо жасаган пост жазган. Аны элдин пикирин билүү үчүн талкууга койгонун айткан.