Садыр Жапаров Казанда Владимир Путин менен жолукту

Автор

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Татарстандын Казань шаарында Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Владимир Путин Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана шериктештик нугунда бардык тармактарда ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгиледи.
Россиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровго Кыргызстанда орус тилин өнүктүрүүгө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде президент Садыр Жапаров меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, россиялык тарапка «Келечек оюндары» турнирин ийгиликтүү өткөрүп алууну каалады. Ал аталган мультиспорттук мелдештин өзгөчөлүгүн жана анын дүйнө жүзүндөгү спорттун ушул түрүнүн күйөрмандарынын жүрөгүн багындыруу дараметин баса белгиледи.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын президенти Россиянын өкмөттүк делегациясын Кыргызстанда 2024-жылдын күзүндө өтө турган Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган мамлекеттик деңгээлдеги салтанаттуу иш-чараларга катышууга чакырды.
Жыйынтыгында тараптар көп жактуу кыргыз-россия мамилелерин тереңдетүүгө өз ара умтулууларын ырасташты.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров «Дуслык» ордени менен сыйланды

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына иш сапарынын алкагында «Дуслык» ордени менен сыйланды. Татарстандын башчысы Рустам Минниханов Садыр Жапаровго Татарстан Республикасынын эл аралык аброюн, Татарстан Республикасы менен чет мамлекеттердин, Россия Федерациясынын башка субъекттеринин ортосундагы достук жана кызматташтыкты чыңдоодогу өзгөчө эмгеги үчүн, Татарстан Республикасынын гүлдөп-өсүшүн өбөлгөлөгөн экономикалык, соода, илимий-техникалык, социалдык, маданий байланыштарды […]

Сизге жагышы мүмкүн