Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат

Автор

Президент Садыр Жапаров 17-сентябрда Казакстанга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
«Сапардын алкагында мамлекет башчысы Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлеринин экинчи жолугушуусуна катышат. Тараптар регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө Борбор Азия регионунун Германия Федеративдүү Республикасы менен кызматташуусун кеңейтүүнү талкуулашат. Ошондой эле президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германия ишкерлери менен жолугушуусуна катышат, Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу, ошондой эле Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт», — деди Муратбек Азымбакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Роналду соцтармактарда бир миллиард катталуучуга жеткен дүйнөдөгү биринчи адам болду

Португалия курама командасынын жана Сауд Аль-Насрдын чабуулчусу Криштиану Роналду дүйнөдө биринчи болуп социалдык тармактарда жалпысынан бир миллиард катталуучуга ээ болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы X баракчасында билдирди. Роналду аны жөн гана сан эмес деп атады. Анын ою боюнча, бул оюнга болгон жалпы умтулуунун, аракеттин жана сүйүүнүн күбөсү. «Мадейранын көчөлөрүнөн […]

Сизге жагышы мүмкүн