Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга кетти. Коштоп кеткендер

Автор

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен Ашхабад шаарына түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумуна катышуу үчүн жөнөп кетти.
Расмий делегациянын курамында:
— Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
— Кыргызстандын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азизбек Мадмаров бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 11- октябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 43 тыйын болсо, сатуу 85 сом 84 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 20 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн