Садыр Жапаров иш сапары менен Сауд Арабияга келди

Автор

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Сауд Аравия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарына келди.
Мамлекет башчысынын борту Эр-Рияд шаарынын Падыша Халид атындагы эл аралык аэропортуна конду.
Учактан түшө беришинде килем төшөлүп, Ардак кароолдун ротасы тизилди.
Президент Садыр Жапаровду Эр-Рияд провинциясынын губернаторунун орун басары – Улуу даражалуу ханзаада Мухаммад бин Абдурахман бин Абдулазиз Аль Сауд жана башка расмий адамдар тосуп алды.

Эскерте кетсек, иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина жана түштүк Ливан, ошондой эле жалпы эле Жакынкы Чыгыш аймагындагы учурдагы кырдаалды талкуулоо пландаштырылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 11-ноябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 86 сом 11 тыйын болсо, сатуу 86 сом 54 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 86 сом 20 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн